Abank_june
SerepTV Logo

Таранчыны тор менен кармаган чет өлкөлүк жаранга 20 миң сом айып салынды

Таранчыны тор менен кармаган чет өлкөлүк жаранга 20 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарда канаттууларды тор менен кармап жаткан видео боюнча чет элдик жаран кармалып, Ак-Талаа РИИБне алып келингендигин билдирет.

Мыйзамды бузган чет элдик жаранга Укук бузуулар кодексине ылайык ага 20 миң сом айып пул салынды. Андан ары тиешелүү орган тарабынан тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте чет элдик жарандын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык укуктук баа берилет.