Abank_june
SerepTV Logo

Таранчыларды кармоо учурунда видеого тартылган чет элдик жаран кармалды

Таранчыларды кармоо учурунда видеого тартылган чет элдик жаран кармалды
 
Социалдык тармактарда чет элдик жаран канаттууларды кармап жатканы тартылган видео боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында видеодо тартылган чет элдик жаран аныкталып, кармалган. Ал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте чет элдик жарандын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык укуктук баа берилет.