Сулайман-Тоодо спорттук чеберчиликтерин көрсөтүшкөн жарандарга чара көрүлдү
Инстаграм социалдык түйүнүндө адегенде “Kaaba_0000” аккаунту аркылуу андан соң башка аккаунттар аркылуу Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо спортсмен жаштардын кыймыл-аракеттеринин видеосу жарыяланып, аларга карата тиешелүү чара көрүү зарылдыгы айтылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан бул окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлдү. Эки уюштуруучусуна карата Укук бузуулар тууралуу кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протоколдор түзүлүп, соттук кароого жөнөтүлдү.