Abank_june
SerepTV Logo

Соңку эки жарым жыл ичинде коомдук транспортто 64 ыдык көрсөтүү катталды

Соңку эки жарым жыл ичинде коомдук транспортто 64 ыдык көрсөтүү катталды
Кечээ, 23-июнда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Данияр Калматов сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарын өркүндөтүү, преюдиция институтун бирдей колдонуу практикасын камсыз кылуу, ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясынын конституциялык принцибин сактоо кепилдиктерин күчөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди. Андан тышкары, жыйында жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө, ошондой эле коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана ыдык көрсөтүүлөргө каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат беришти.

Тагыраагы, Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева 2024-жылы зордуктоо беренеси менен 179, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери боюнча 43, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо боюнча 14 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Ал эми өткөн жылы зордуктоо беренеси менен 229, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери боюнча 56, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо боюнча 27 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 2024-2025-жылдары жана быйылкы жылдын беш айында коомдук-транспорттордо 64 учур катталганын билдирип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси менен 2024-жылы 8, 2025-жылы 49, 2026-жылдын беш айында 7 протокол түзүлгөн кошумчалады.

Талкуу маалында аталган багыттагы айрым көйгөйлөр, козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугу жана кетирилген кемчиликтер боюнча маселелер айтылды. Анын ичинен 90 баланын ата-энесинин атынан келген Тахмина Куланбаева тергөө ишиндеги кемчиликтерге токтолду.

Ал эми депутат Улукбек Узакбаев көпчүлүк иштер өз ара келишүүнүн негизинде токтотулуп каларын жүйө келтирип, аталган багытта анализ жүргүзүүгө чакырса, депутат Улугбек Ормонов айрым тергөө ишиндеги жагдайларды мисал кылып, кетирилген каталарды жоюу керектигин кошумчалады.