Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды
15-июнь күнү саат 23:30 чамасында Өзгөн РИИБге 2004-жылы туулган Э.С. аттуу жаран денесинен алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты катталып, окуя болгон жерге Ош ОИИБдин, Өзгөн РИИБдин жетекчилери жана ыкчам-тергөө топтору чыгышкан.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Ала алынган маалымат боюнча төмөнкүлөр аныкталган. 15-июнь күнү 23:00 чамасында 2003-жылы туулган Т.Р. жана маркум Э.С. аттуу жарандар (классташтар) жолугушуп, сүйлөшүп турган учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, сөз талаша кетишкен. Ошол маалда Т.Р. колундагы учтуу нерсе менен күтүүсүздөн Э.С.нын көкүрөк тушуна 2 жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Э.С. ооруканага жетпей каза болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.