Abank july
SerepTV Logo

Ошто сейил бакта семичке чаккан жарандарга айып пул салынды

Ошто сейил бакта семичке чаккан жарандарга айып пул салынды
Кечээ, 21-августта Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев сейил багында 1976-жылы туулган М.Х. жана 1985-жылы туулган Х.Ш. аттуу жарандар семичке чагып олтургандыгы боюнча видео тараган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Аталган факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, мыйзамда белгиленген тартипте Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-берененин 1-пункту (Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу) негизинде 5500 сомдон ар бирине айып пул салынды.

SEREP MEDIA