Ошто пара алуу фактысы боюнча балдар бакчасынын жетекчиси кармалды
17-август күнү Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган жаран Ош ШИИБне арыз менен кайрылган. Ал арызында Ош шаарындагы “Жибек” балдар бакчасына тарбиячы катары ишке орношуу үчүн бакча жетекчиси аталган бакчага тарбиячы катары жумушка алуу үчун 25 миң сом акча талап кылгандыгын билдирген.
Бакча жетекчиси Ч.З. жабырлануучуга чалып, Ош шаарынын Э. Алиев көчөсүндө жайгашкан “Жибек” балдар бакчасына жумушка киргизүүнү айтып аны үчүн 25 000 сом акча каражатын берсе, бала бакчага тарбиячы кылып жумушка алуусун айткан. Жабырлануучу акча каражатын бербей жумушка алуусун жана мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын айтып суранган учурда, Ч.З. андай жумушка башка талапкерлер бар экенин айтып, акча каражатын берген учурда гана эртеси жумушка келишин билдирген. Жабырлануучу жумушка кирүү үчүн аргасыз болуп Ч.З.га телефон номерине ачылган Мбанк эсебине өзүнүн инисинин Мбанк эсебинен 20 000 сом акча каражатын которгон. Ал эми эртеси күнү Ч.З. телефон аркылуу жумушка чыгышын айткан. Айлык акы алган соң калган 5000 сом акча каражатын балдар бакчасында өзүнүн иш бөлмөсүндө алганын жабырлануучу арызында билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 342-бер., 1-бөл. (пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ч.З. убактылуу кармоочу жайга 17-август күнү киргизилди.