Abank_june
SerepTV Logo

Ноокенде мас абалдагы айдоочу адам өмүрүн алды

Ноокенде мас абалдагы айдоочу адам өмүрүн алды
1-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун Кызыл-Туу айыл аймагында катталган жол-транспорт окуясында «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун четинде велосипед менен бара жаткан 1955-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен велосипед айдап бара жаткан жаран окуя болгон жерде каза болгон.

ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочу кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу К.С.М. мурда соттун чечими менен 1 жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылганына карабастан, айдоочулук күбөлүгүн мыйзамдуу тартипте кайра албай туруп унаа башкарганы аныкталды. Ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, айдоочу жол кырсыгы болгон учурда алкоголдук мас абалда болгону аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, анын аракеттерине укуктук баа берилип, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп. Бөгөт коюу чарасы 2 ай мөөнөткө камакка алынды.