Abank july
SerepTV Logo

«Мадина» базарындагы өрт: кырдаал көзөмөлдө

«Мадина» базарындагы өрт: кырдаал көзөмөлдө
 
Бүгүн, 30-августта саат 08:37де Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарындагы ӨКМдин бардык болгон өрт өчүрүүчү тобу тартылды. Окуя болгон жерде 50-70ке жакын кызматкер жана өрт өчүрүүчү иш алып барууда.

Ошондой эле көмөк көрсөтүү үчүн «Бишкек жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан 2 атайын техника жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынан 3 атайын техника, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер тартылды. Окуя болгон жерде бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялоону Өзгөчө кырдаалдар министри жүргүзүүдө. Мындан тышкары, ӨКМ министринин орун басары, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги жетектеген ыкчам топ, ошондой эле учкучсуз учуучу аппарат менен жабдылган ӨКМинин ыкчам тобу тартылды. Кырдаал көзөмөлдө.

SEREP MEDIA