Abank_june
SerepTV Logo

Кыргызстанда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко катышы бар деп шектелген жаран кармалды

Кыргызстанда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко катышы бар деп шектелген жаран кармалды
 
Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Свердлов облусунун аймагында адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу бир катар оор кылмыштарды жасоого бир топ адамдардын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында аталган топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелген 1975-жылы туулган С.З. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү жүргүзүү учурунда кармалган адамдан жалпы салмагы 9,3 грамм болгон гашиш баңгизаты табылып, алынган. Мындан тышкары, анын жашаган жеринде соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып, алынган: РГД гранатасы, Ф-1 гранатасы, Калашников автоматына тиешелүү ок салгыч (магазин), 7,62 мм калибриндеги 22 даана ок.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо, топтун башка катышуучуларын табуу жана алардын башка кылмыштарга катышы бар-жогун текшерүү боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.