SerepTV Logo

Концерт уюштуруу шылтоосу менен жарандарды алдоого шектелген жаран кармалды

Концерт уюштуруу шылтоосу менен жарандарды алдоого шектелген жаран кармалды
 
10-августта Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жаран Э.Э. аттуу жаран арызы менен кайрылып, И.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Себеби ушул жылдын 3-апрелинде анын ишенимине кирип, чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда борбордо жайгашкан аянтчалардын биринде концерт өткөрүүгө биргелешип инвестиция салууну сунуштап, алдоо жолу менен андан 20 000 АКШ долларын накталай түрдө алган.

Ошол эле учурда И.А. алган акча каражатын пайдасы менен кошо, жалпы 24 000 АКШ долларын 22-майга чейин кайтарып берүүгө милдеттенген. Бирок ал өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес. Концерт өткөрүлбөй калган, ал эми алынган акча каражаттарын И.А. өз каалоосу боюнча пайдаланган. Мындан тышкары, ички иштер органдарына башка жарандардан да ушундай эле аракеттерден жабыр тарткандыгы тууралуу арыздар түшкөн. Учурда келтирилген материалдык зыяндын жалпы көлөмү такталууда. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, 2001-жылы туулган жаран И.А.ны кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ жарандары шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду, ошондой эле анын аракеттеринен жабыр тарткан болушу мүмкүн болгон адамдарды тиешелүү арыз менен ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.
SEREP MEDIA