Abank_june
SerepTV Logo

Кичинекей кыздардын номерин сурап жүрөт делген чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди

Кичинекей кыздардын номерин сурап жүрөт делген чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди
Социалдык тармактарда чет өлкөлүк жаран жашы жете элек кыздардан телефон номерлерин сурагандыгы тууралуу видео тараган. Видеонун автору ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга жана сак болууга чакырган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Бул факты боюнча маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.S. аттуу чет мамлекеттин жараны аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилген. Аны менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча жоопкерчилик түшүндүрүлгөн. Ошол эле учурда, аталган факты боюнча жарандар тарабынан ички иштер органдарына эч кандай арыз же кайрылуу түшпөгөндүгүн белгилейбиз.

Текшерүүнүн жыйынтыгында А.S. тарабынан миграциялык мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) протокол түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, тиешелүү жол-жоболор аяктагандан кийин аталган жаранды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу боюнча чаралар көрүлөт.