Abank_june
SerepTV Logo

Кара-Кулжада сел сууларынан 1 турак үйдүн короосун суу каптады

Кара-Кулжада сел сууларынан 1 турак үйдүн короосун суу каптады
1-июль күнү саат 16:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Алайкуу айыл аймагынын Терек айылындагы 1 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине саат 17:15те Кара-Кулжа райондук №66 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, авариялык-куткаруу унаасы жана 2 даана мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Алайкуу айыл аймагынан 1 жүктөгүч жана №26 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.