«Гавайи» эс алуу борборунда ок атышуу болдубу? Окуя боюнча катышкан жарандар милицияга жеткирилди
22-июнь күнү саат 23:47 чамасында Чүй ОИИББнын нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы Бишкек-Торугарт айланма автожолунун боюнда жайгашкан «Гавайи» эс алуу борборунун аймагында ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Чүй РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алынган маалыматтар боюнча, окуя жаштардын ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыгып, анын жүрүшүндө мушташ орун алган. Кийинчерээк окуяга катышкан тараптар автоунаалар менен бири-бирин кууп жүрүшүп, ок атылганы жана таш ыргытылганы тууралуу көрсөтмөлөр алынган. Натыйжада «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаага материалдык зыян келтирилип, анын айнектери жана күзгүлөрү талкаланган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуяга тиешеси бар делген 22 жаран жана 5 автоунаа аныкталып, алар Чүй РИИБге жеткирилген. Топтолгон материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.