Депутат Сарыбашов: "Ош-Алай жолундагы селден каза тапкандардын арасында наристе да бар"
Депутат Таалайбек Сарыбашов Ош-Алай жолундагы селден каза тапкандардын ичинде 1 жаштагы наристе бар экенин айтып, каза тапкан 6 жарандын жакындарына көңүл айтты.
Сарыбашов ӨКМдин эскертүүлөрүнө көңүл бурууга чакырып, сел, жер көчкү коркунучу бар жайларда жашагандарды көчүрүү иштерин токтотпоо керектигин баса белгиледи.