Abank_june
SerepTV Logo

Баткенде эки чек арачынын уруша кетип, биринин жаагы сынып кетиши: Кылмыш иши козголду

Баткенде эки чек арачынын уруша кетип, биринин жаагы сынып кетиши: Кылмыш иши козголду
 
9-июлда саат 15:00 чамасында Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн контракттык негизиндеги аскер кызматкери сержант С. у Э., аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу менен, Баткен облусунун Лейлек районунун “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ефрейтор С.Т.Днын сол жаагына уруп жиберген. Натыйжада С.Т.Днын жаагынын сол тарабы сынган.

Бул факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 388-бер. 2-бөл. 4-п. (ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-бер. негизинде сержант С. у Э. Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда. Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.