Royal
SerepTV Logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды
Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланган. Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 автошаты жана Штаб тартылып, саат 14:05те өчүрүлгөн.