Алдамчылыкка айыпталган эки жаран АКШдан жана Азербайжандан жеткирилди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки айыпталуучу өлкө аймагына жеткирилди.
Алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 70 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген. Экинчи фигурант – Азербайжан Республикасынан жеткирилген чет өлкөлүк жаран А.А. – ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жабырлануучунун ишенимине кирүү жолу менен анын акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган. Ы.М. жана А.А. Кыргыз Республикасына жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.