Алайкуда селден улам жабылган Терек айылына баруучу жол бир тараптуу ачылды
1-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айыл аймагынын Терек жана Коо-Чаты айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн ичине, короо-жайларына жана чарбалык курулуштарына кирген. Ошондой эле ДЭП-26 мекемесине караштуу Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2-июль күнү саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, унаа кыймылы калыбына келтирилди.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрланбек Мусаев жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары тарабынан ыкчам штаб уюштурулуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Кесепеттерди жоюу иштерине жалпы төмөнкүдөй күч жана каражаттар тартылды:
- ӨКМдөн – 50 кызматкер, 3 даана кичи автожүктөгүч жана 2 даана атайын техника. Анын ичинде: РӨКОнун 30 куткаруучусу жана 3 даана кичи автожүктөгүчү, Кара-Кулжа райондук ӨКБдөн 18 кызматкер, Ош облусу боюнча башкармалыктан 2 кызматкер;
- ДЭП-26 мекемесинен – 2 даана автожүктөгүч, 1 даана автогрейдер жана 1 даана атайын техника;
- Алай-Куу айыл аймагынан – 1 даана автожүктөгүч жана 1 даана экскаватор;
- Кара-Кулжа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү тургундардан – 30 адам.
Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.