Жогорку Кеңешке Айтиевдин ордуна жаңы депутат келди
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Алымбеков Максат Джумакадыровичке № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.