Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго инерттик материалдар себилди
Бүгүн, 29-октябрда таңга маал Бишкек-Ош автожолунун 125-139-чакырымдар аралыгында кар жаады. Жеринде № 9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасын себүү иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Учурда кар токтоп, автожол ачык жана каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда. Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунун Талдык жана Тоңмурун ашууларында кар жаап жатат. Учурда № 960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган ашууларда жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган.

Урматтуу айдоочулар! Тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүн. Узак сапарга чыгар алдында унааңыздын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Жолдо ылдамдыкты сактап, аралыкты туура сактаңыздар!