Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкекте жылуулук берүү иштери уланууда

Бишкекте жылуулук берүү иштери уланууда
 
29-октябрда «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантууда. Саат 18:00гө карата 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду.
 
Учурда «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө. Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу менен «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлдү. Учурда ишкана аталган аймактагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин баштады. Мындан тышкары, бүгүн «Бишкек жылуулук тармагы» жана «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканалары Куруучулар шаарчасындагы, Энергетиктер шаарчасындагы жана Учкун кичи районундагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин башташты. Учурда бул аймактардагы 57 турак үй жылытуу системасына кошулду. Аталган аймактар да децентралдаштыруунун алкагында «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлгөн.

Жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.
SEREP MEDIA