Ысык-Көлдүн пляждык аймагына таштанды таштаган ишканага 17 миң сом айып пул салынды
Буга чейин интернет булактарында Ысык-Көлдүн пляждык аймагындагы белгиленбеген жерге таштанды төгүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган. Аталган факты боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында интернет булактарында тараган маалымат тастыкталган.
Жыйынтыгында Григорьевка-Пристань айылына караштуу “Келечек” муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык 17 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Министрлик жарандарды жана юридикалык жактарды таштандыларды белгиленген жайларга гана чыгарууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.