Abank july
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө тарыхый музейдин жана эс алуу жайдын ачылыш аземи өттү

Ысык-Көлдө тарыхый музейдин жана эс алуу жайдын ачылыш аземи өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында тарыхый музейдин жана эс алуу жайдын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. 

Алгач МинКаб төрагасы Каракол шаарынын Тарых-аймак таануу музейинин реконструкциядан кийинки ачылышына катышты. Оңдоо иштерине — объектти комплекстүү жаңыртуу, имараттын архитектуралык келбетин жакшыртуу, инженердик тармактарды модернизациялоо жана зарыл болгон оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 159 млн сом каралган. Музейде археологиялык табылгалар, тиричилик жана этнография буюмдары, курал-жарактар жана эмгек шаймандары, музыкалык аспаптар, улуттук зер буюмдар, ат шаймандары, сүрөттөр жана башка тарыхый материалдарды камтыган жалпы 14 миңге жакын экспонат сакталып, алар аймактын турмушун жана калктын салт-санаасын кеңири баяндайт. Имарат XIX кылымдын аягындагы мүнөздүү архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган тарыхый курулуштарынын бир бөлүгү. Ал кыргыз элинин каада-салты жана маданияты менен тааныштырып, аймактын тарыхый жана маданий мурасын сактоодо, изилдөөдө жана жайылтууда маанилүү.

Ошондой эле, Каракол шаарынын А.С. Пушкин атындагы жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземи болду. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб төрагасы президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү, шаарларды көрктөндүрүү жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча саясаты ишке ашырылып жатканын айтып, акыркы жылдары Каракол шаарында да жолдор жаңыланып, жаңы турак жайлар курулуп, суу жана канализация системалары өнүктүрүлүп, туристтик жана транспорттук инфраструктура жаңы деңгээлге чыгып жатканын билдирди.

“Алгач Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жаткандыгын баса белгилеп айткым келет. 2026-жылдын январь–июль айларында ички дүң продукт 11,1 %га өсүп, 1 трлн 172,7 млрд сомго жетти. Негизги капиталга инвестициялар 59 %га өсүп, 238 млрд сомду түздү. Курулуш тармагындагы өсүш өзгөчө жогору болуп, 60,6 %га жетти. Ал эми, Караколдо акыркы жылдары 50%дан ашык ички жолдору реконструкцияланды. Баарынан кубандырганы – “Хан-Теңири” кичи району. Бул – Караколдун ичинде курулуп жаткан өзүнчө жаңы шаарча. Таза суу жана канализация системасын жаңылоо иштери жүрүүдө. Шаардагы чоң курулуш – “Каракол” эл аралык аэропорту. Караколдун инфраструктурасын бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке эсептеп өнүктүрүшүбүз керек. Караколубуздун эртеңи бүгүнкүсүнөн да көрктүү болуп, Ысык-Көлүбүздүн даңкы арта берсин”, — деди МинКаб төрагасы. 

Заман талабына жооп берген жашыл аймактары бар, балдар аянтчалары жана ыңгайлуу инфраструктура менен жабдылган жаңыланган сейил бакты ишке киргизүүгө 450 млн сом жумшалган.

SEREP MEDIA