Abank july
SerepTV Logo

Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттин баасы кандай болот?

Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттин баасы кандай болот?
1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баалары аныкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Оюндардын алкагында көрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү жана кирүү акысыз болгон иш-чаралар каралган.
Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз. 

Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү бааларда сатылат:
* борбордук жашыл сектордогу орундар — 4 000 сом;
* ак сектордогу стандарттык орундар — 3 000 сом;
* кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2 000 сом;
* сары сектордогу эконом орундар — 1 000 сом;
* көк сектордогу эконом орундар — 500 сом.
 
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жайгашкан жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндарга билеттин баасы 1 000 сомду түзөт.
 
Акы төлөнүүчү иш-чараларга билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн, ошондой эле расмий кассалардан офлайн сатып алууга болот.
SEREP MEDIA