Abank july
SerepTV Logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына 30 миңден ашуун көрүүчү келди

 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына 30 миңден ашуун көрүүчү келди
Бүгүн, 31-августта жаңы «Бишкек Арена» стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп жатат.
 
30 миңден ашуун көрүүчү спортту, маданиятты жана көчмөн элдердин салт-санаасын айкалыштырган масштабдуу жана өзгөчө көркөм иш-чарага күбө болууда. Ачылыш аземи көчмөн цивилизациясынын бай мурасын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган башкы эл аралык спорттук иш-чаранын жаркын башталышы болууда. Ошол эле учурда Бишкектин бардык райондорунда LED-экрандар аркылуу Оюндун түз эфирдеги көрсөтүүсү башталды. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору атайын уюштурулган аянтчаларга чогулуп, катышуучуларга колдоо көрсөтүү менен бирге чоң эл аралык майрамдын бир бөлүгү болууда. Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн кыргыз ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын концерттик программалары, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмөлөр, фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулду.
SEREP MEDIA