Abank july
SerepTV Logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү
 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта “Бишкек Арена”стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземи дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты. Расмий бөлүк башталганга чейин иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн белгилүү ата мекендик эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын куттуктап, дүйнө элдеринин маданий мурастарын жана салттарын сактоого жана жайылтууга өбөлгө түзгөн бул масштабдуу эл аралык спорттук форумдун маанисин белгиледи.

Азем катышуучу өлкөлөрдүн парады менен уланды. 106 мамлекеттин өкүлдөрү стадион майданынан өтүп, достук, тынчтык жана өз ара сый-урмат идеялары менен бириккен элдердин жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн чагылдырышты. Программада кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына жана бай маданий мурасына арналган масштабдуу театралдаштырылган оюн өзгөчө орунду ээледи.

Көрүүчүлөргө көркөм бий композициялары, ат жалындагы өнөрлөр, салттуу жана улуттук ат оюндары тартууланды. Түркүн түстүү шоуга көптөгөн артисттер, чабандестер жана чыгармачыл жамааттар катышты. Заманбап технологиялар сахналаштырылган оюндардын салттуу бөлүгүн айкалыша толуктады. Аземдин жүрүшүндө масштабдуу визуалдык эффекттерди чыгарган, көрсөтүүнүн таасирдүүлүгүн арттырган лазердик жана жалындуу шоу элементтери колдонулду. Ачылыш азем майрамдык фейерверк жана белгилүү дүйнөлүк эстрада жылдыздарынын өнөр көрсөтүүсү менен жыйынтыкталды.
SEREP MEDIA