Abank july
SerepTV Logo

Улан Маматканов: "Спорт жаатында мыкты даярдыктар жүргүзүлүүдө"

Улан Маматканов: "Спорт жаатында мыкты даярдыктар жүргүзүлүүдө"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун катышуусунда көчмө жыйын өтүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери жеринде текшерилди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө спорттук мелдештер өтө турган жайлардын даярдыгы, уюштуруу иштери жана тиешелүү инфраструктуранын абалы каралды.

Бүгүнкү күндө спорттук багыттагы негизги иштердин басымдуу бөлүгү аткарылып, мелдештерди өткөрүүгө даярдык акыркы баскычка чыкты.

SEREP MEDIA