Abank_june
SerepTV Logo

Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолундагы «Көк-Арт» пункту ишке кирди

Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолундагы «Көк-Арт» пункту ишке кирди
Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу пункту ишке кирди. Төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.

Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. Анын курамындагы «Көк-Арт» туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт. Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннелди күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл. Аталган төлөм Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы №134 токтому менен бекитилген. Чогулган каражат жолду тейлөөгө, оңдоого жана анын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга багытталат.

Төлөмдүн өлчөмү:
• М1 категориясы (жеңил автоунаалар) – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн – 200 сом.
• М2 категориясы (5 тоннага чейинки кичи автобустар) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом.
• N2/Т5 категориясы (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом.
• М3/N2 категориясы (автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар) – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом.
• N3 категориясы (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар) – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом.
• N3O3, Т4/2, N3O4 категориялары (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар) – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.

Ошондой эле төлөм алуу пунктунда 8 кыймыл тилкеси уюштурулуп, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалат. Бул өтүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, тыгындардын алдын алууга шарт түзөт.