Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунда селдин кесепетин жоюу уланып жатат
Бүгүн, 5-июлда Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунда аба ырайы ачык. Учурда сел түшкөн тилкелерде тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылууда.
Жолдорду тазалоо иштери №31 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.
Кечээ, 4-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кечээ кечинде унаалар үчүн каттам калыбына келтирилген.

Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкелерден өтүүдө ылдамдыкты төмөндөтүп, этият болууга чакырат.