Abank_june
SerepTV Logo

Төрага Маматалиев: “Буга чейин башка өлкөлөр Кыргызстанды таанычу эмес”

Төрага Маматалиев: “Буга чейин башка өлкөлөр Кыргызстанды таанычу эмес”
 
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

«Бул Кыргызстан үчүн тарыхый жетишкендик. Буга чейин Кыргызстан тууралуу маалымат дүйнөлүк деңгээлде чектелүү болсо, бүгүнкү күндө өлкөбүз эл аралык аренада таанылып, дүйнөлүк маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бул мамлекетибиздин тышкы саясаттагы ийгиликтеринин жана эл аралык өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташтыгынын жыйынтыгы», — деп белгиледи төрага.