SerepTV Logo

Тоолуу ашууларда кар жаашы жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт — айдоочуларга эскертүү

Тоолуу ашууларда кар жаашы жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт — айдоочуларга эскертүү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлөт.
Атап айтканда төмөнкү ашууларда жол кырдаалы татаалдашы мүмкүн:
— Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда;
— Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда;
— Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда.
Мындай шарттарда жолдор тайгак болуп, муз тоңуу коркунучу жаралышы мүмкүн. Жогоруда аталган жол тилкелеринде ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт жана жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшөт.
Урматтуу айдоочулар! Тоолуу аймактар аркылуу сапарга чыгууда өзгөчө этият болуңуздар. Унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарыл. Ылдамдык режимин так сактап, жол кырдаалына жараша кыймыл жасаңыздар.