Тез жардам унааларынын автопаркы 60 жаңы автоунаа менен толукталды
Тез жардам унааларынын автопаркы 60 жаңы автоунаа менен толукталды. Анын ичинен 5 автоунаа Улуттук госпиталдын санитардык авиация кызматына, ал эми калган 55 автоунаа Бишкек шаарындагы Шашылыш медициналык жардам борборуна өткөрүлүп берилет.
Автопарктын жаңыланышы калкка тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.