Abank_june
SerepTV Logo

Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан аба кемеси менен авиациялык окуя катталган. Окуя болгондон кийин дароо Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аталган окуянын жагдайларын расмий иликтөөгө киришти. Ошону менен катар Tez Jet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленди. Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын аталышына, тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, мындан ары да учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир эксплуатантка карата эң принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алууну улантат жана мыйзам баарына бирдей экендигин баса белгилейт.