Abank july
SerepTV Logo

Ташкентте Райымбек Матраимовдун уулунун үйлөнүү тою өттү. Ага кимдер барган?

Ташкентте Райымбек Матраимовдун уулунун үйлөнүү тою өттү. Ага кимдер барган?

30-августта Ташкент шаарындагы «Marriott Hotel Tashkent» мейманканасында коррупция үчүн соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу "Политклиника" басылмасы маалымдады.

Басылманын
маалыматына караганда, анын жубайы Самира болгон. Ал казакстандык ишкер Жакып Марабаевдин небереси.

Тойго Кыргызстандагы белгилүү адамдар да чакырылган. Тагыраагы үйлөнүү тоюна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Жусупбек Коргонбай уулу, Элмурза Сатыбалдиев жана Ибрагим Жунусов, дарыгер Сабырбек Жумабеков жана ишкер Аскар Салымбеков катышканы байкалган.

Коноктор үчүн Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана казакстандык ырчы Раим өнөр тартуулашкан.

SEREPTV