SerepTV Logo

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды

Мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан ИИМге суракка келишти. Бул тууралуу Кактус редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 29-апрелде Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу саат 15:00дө ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына келишкен. Булактар билдиргендей, алар азыркыга чейин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын имаратында болуп, көрсөтмө берип жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аларга айып тагылышы мүмкүн.