Abank july
SerepTV Logo

Тарых музейинде Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды

Тарых музейинде Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу экспозициянын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев сөз сүйлөп, көргөзмө Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый-маданий байланыштарын, эки элдин өз ара урмат-сыйын жана достугун чагылдырган маанилүү маданий окуя экенин белгиледи. Анын айтымында, көргөзмөнүн аталышындагы «гармония» түшүнүгү кыргыз жана кытай элдеринин дүйнө таанымында өзгөчө орунду ээлеп, адам менен жаратылыштын, коом менен маданияттын, өткөн менен бүгүнкү күндүн өз ара байланышын билдирет.

Экспозицияга үч музейдин фонддорунан 153 баалуу экспонат коюлуп, анын 115и Тяньцзинь музейинен, 30у Ички Монголия музейинен жана 8и Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинен алынган.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көргөзмө Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кыргызстанда өтүүчү саммитинин алкагындагы маданий иш-чаралардын бири катары уюштурулуп жатканын белгилеп, мындай долбоорлор эки өлкөнүн маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүгө маанилүү салым кошорун айтты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Тяньцзинь музейи жана Ички Монголия музейинин кызматташтыгы илимий изилдөөлөрдү, адистердин тажрыйба алмашуусун жана биргелешкен көргөзмөлөрдү өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. Арслан Койчиев көргөзмө кыргызстандыктарды жана өлкөгө келген конокторду Байыркы Кытайдын уникалдуу маданияты менен тааныштырып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларын билдирди.