Abank_june
SerepTV Logo

Тараз-Нылды-Покровка унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлду. Жол ачык

Тараз-Нылды-Покровка унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлду. Жол ачык
 
Кечээ, 20-июнь күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз-Нылды-Покровка унаа жолунун 13-14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада саат 18:55те жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу ачылды. Учурда каттам бар, жол ачык. Ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында сел жүрдү. Учурда унаа жол ачык, жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Жеринде №47 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан атайын техникалар тартылып, кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүүдө. Техника жана кызматкерлер ыкчам чара көрүүгө даяр абалда турушат.