SerepTV Logo

Талас облусу эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата кандай даярдык көрүп жатат?

Талас облусу эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата кандай даярдык көрүп жатат?

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. МинКаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты.  

Эртең, 11-сентябрда президенти Садыр Жапаров катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

SEREP MEDIA