Abank_june
SerepTV Logo

Талас дарыясына агып кеткен баланы издөө улантылып жатат

Талас дарыясына агып кеткен баланы издөө улантылып жатат
Талас дарыясына агып кеткен Чоң-Токой айылынын тургуну Тимур уулу Байэлди издөө-куткаруу иштери бүгүн 18-күнү да улантылууда.

Издөө иштерине Талас шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, Ички иштер кызматкерлеринен 2 кызматкер жана Чек ара кызматынан 2 кызматкер тартылып, жалпы 10 кызматкер дарыянын жээги жана мүмкүн болгон аймактарга кылдат издөө жүргүзүүдө.