Сурабалдиева: "139 миң сомдук шуба уурдаганы үчүн аял 7,5 жылга эркинен ажыратылган"
"Бүгүн жарандардын кайрылууларын жана менин депутаттык суроо-талаптарыма мамлекеттик органдардын жоопторун карап жатып, кылмыш-жаза саясатынын адилеттүүлүгү тууралуу дагы бир ирет ойлондум". Бул тууралуу билдирүүнү депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Кайрылуулардын бири 139,055 сомдук тонду уурдоо боюнча ишке байланыштуу болду. Бир нече эпизоддун жыйындысы боюнча сот ошол аялды 7 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыраткан экен. Соттолгон аял жалгыз бой эне. Ал эркинен ажыратылган учурда баласы болгону 6 жашта болсо, азыр 5-класста окуйт. Мындан тышкары, анын эки жолу ырайым берүү өтүнүчү да канааттандырылган эмес.
Мен кылмышты эч качан актабайм. Бирок мүлккө каршы кылмыштар үчүн ушундай узак мөөнөттөр берилип, ошол эле учурда мамлекетке миллиондогон, атүгүл миллиарддаган сом зыян келтирген адамдар жоопкерчиликтен четтеп жаткандай көрүнгөндө, коомдогу адилеттүүлүк тууралуу суроолорду жаратат.
Бизде жазанын өлчөмдүүлүгүнө, мыйзам алдында бардыгынын теңдигине жана адилеттүүлүк принцибине негизделген системалуу реформалар керек деп эсептейм", - деп жазылат билдирүүдө.