Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөр төмөндөтүлдү
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 «Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Киргизилген өзгөртүүлөр менен спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого төлөмдөрдүн өлчөмүн азайтуу каралган. Чечим балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Белгиленген тарифтер:
Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн:
1 сутка –313 сом;
2 сутка – 463 сом;
3 сутка – 613 сом.