“Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка” жолундагы кырдаал көзөмөлдө. Жол куруу иштери 85 пайызга аяктады
“Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка” автомобиль жолун капиталдык оңдоо долбоорунун алкагында асфальт-бетон төшөө иштери 85%га аяктады.
Бирок акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьев капчыгайындагы дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун айрым тилкелеринде жер төшөлмөсүн суу жууп кетүү коркунучу жаралды. Учурда подряддык уюм тарабынан атайын техникалар тартылып, кырдаалды жөнгө салуу жана жолду бекемдөө боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институту кошумча инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, жолдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кошумча долбоордук чечимдерди даярдоодо.
Бардык керектүү зарыл иштер аяктагандан кийин жаралган көйгөйлөр толугу менен жоюлуп, жолдун коопсуз жана үзгүлтүксүз пайдаланылышы камсыздалат.