Royal
SerepTV Logo

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бир катар райондорунда катуу жаан-чачынга байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык жана медициналык иштер күчөтүлдү.

Селден жабыркаган райондордо медициналык кызматтар күчөтүлгөн режимде иш алып барууда: үймө-үй кыдыруулар уюштурулуп, көчмө бригадалар тартылды, суунун сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө, жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жарандык коргонуу органдары жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү камсыздалууда.

Баткен облусунда кооптуу аймактардан 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Эвакуацияланган жарандар медициналык коштоого алынып, алардын саламаттык абалы көзөмөлдөнүүдө. Медициналык жардам алууга 37 адам кайрылып, алардын бардыгына зарыл жардам көрсөтүлдү, оор учурлар катталган жок.