Royal
SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
 
3-майдан 6-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектеринде райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөөгө чакырабыз!