Abank_june
SerepTV Logo

Президенттик администрация: "Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес"

Президенттик администрация: "Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес"

Мындай пикирди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

"Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө.

Бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.

Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!".