Abank july
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди
 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта “Манас” эл аралык аэропортуна анын масштабдуу реконструкциядан кийинки абалы менен таанышуу үчүн пландан тышкары барды.
 
Мамлекет башчысы аэропорттун аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкты. Президент ошондой эле жакынкы күндөрү Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жана иш сапарлар менен келе турган жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга аэропорт комплексинин даярдыгы менен жеринен таанышты. Мамлекет башчысы жооптуу жетекчилерге аэропорттун жана ага чектеш аймактын толук даярдыгын камсыз кылууну тапшырып, тартипти жана коопсуздукту сактоого, протоколдук иш-чараларды так уюштурууга жана келген делегацияларды сапаттуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча боло турган алдыдагы эл аралык иш-чараларга даярдыкты жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.
SEREP MEDIA