Өзгөн шаары өзгөчө шаңга бөлөндү
20-октябрда байыркы тарыхы бар Өзгөн шаарында шаар күнүнө арналган майрамдык салтанат өттү.
Салтанатка президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардактуу аксакалдар, жаштар жана шаар тургундары катышты.
Мирлан Орозбаев өз сөзүндө Өзгөн шаары – Ош облусунун гана эмес, бүтүндөй республиканын тарыхый-маданий борборлорунун бири экенин белгилеп, акыркы жылдары шаарда жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү, жол жана социалдык объекттердин курулушу боюнча маалымат берди. Ал шаар элине тынчтык, ынтымак жана өнүгүү каалады.
Майрамдык программа эртең менен башталып, кечке чейин уланды. Жаш муундарды спортко шыктандыруу максатында спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө диплом жана белектер тапшырылды. Шаар тургундарына жана меймандарга 1 тонна 200 килограмм Өзгөн ашы даярдалып, элге акысыз таркатылды. Борбордук стадиондо кол өнөрчүлөрдүн, дыйкандардын, билим берүү жана маданият мекемелеринин көргөзмө-жарманкеси өттү. Майрамдык салтанат белгилүү ырчылардын катышуусундагы гала-концерт менен коштолду.