Өзбекстандан Озодбек Назарбеков баштаган чыгармачыл делегация Кыргызстанга келди
Бүгүн, 26-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда (Тамчы) маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрүнө катышуу үчүн Кыргызстанга келген Өзбекстан Республикасынын чыгармачыл делегациясын тосуп алды. Делегацияны Өзбекстан Республикасынын маданият министри, Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди.
200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүн бириктирген чыгармачыл делегациянын курамында белгилүү ырчылар, музыканттар, бий жамааттары, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү бар. Алар эки күн бою Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна өзбек элинин бай тарыхый-маданий мурасын жана заманбап искусствосунун жетишкендиктерин чагылдырган мазмундуу маданий программаны тартуулашат.
Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү 2026-жылдын 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп, эки боордош элдин маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана кыргыз-өзбек достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.