Abank_june
SerepTV Logo

Оштогу базарда сабалды делген дыйканга жаңы базардан орун берилди

Оштогу базарда сабалды делген дыйканга жаңы базардан орун берилди

Кечээ, 5-июлда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мамлекет дыйкандарды ар тараптан колдой турганын белгилеп, алардын мээнети баалана турганын айтты. Мындан тышкары, калаадагы жаңы базардан орун бөлүп берүүнү буюрган. 

Ал эми соодагерлердин дыйканды сабады делген окуясын укук коргоо органдары териштирип, баа берилери кошумчаланды. 

Буга чейин соцтармакка видео тарап, анда кулпунайын базарга алып келип сатууга аракет кылган дыйканды соодагерлер сабап, кулпунайын чачып, тебелеп салышкан.